Футбол: «Барселонанын» легендалары «Азиянын легендаларын» жеңди

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жолдоштук матчта «Барселонанын» легендалары «Азиянын легендарын» утту. 

Беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Матчта Ривалдо, Хуан Пабло Сорин жана Хавьер Савиола гол киргизди. 

Матчтын биринчи мүнөттөрүнөн эле президент Садыр Жапаров «Азиянын легендалары» тобунун катарында футбол талаасына чыкты. Ал 25 мүнөт ойногондон кийин эле алмаштырылды. 

Садыр Жапаров коргоочулардын карамагында. Сүрөт: AKIpress.

«Барселонанын» мурдагы оюнчулары Кыргызстанга аталган испан футболдук клубунун Борбор Азиядагы биринчи академиясынын Жалал-Абад шаарындагы ачылыш аземине катышуу үчүн келишкен. Мындан тышкары «Барселонанын» президенти Жоан Лапорта Бишкектин түштүгүндө клубдун экинчи академиясынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Спорттук комплекстин жалпы аянты 15,85 гектарды түзүп, ал 10 миң адамга ылайыкталат.  

Башкы беттеги сүрөт: AKIpress.