Бир жыл ичинде Бишкекте муниципалдык транспортко саатына төлөө системасы кирет

Жергиликтүү бийлик бир жыл аралыгында Бишкектеги муниципалдык транспортко саатына жараша төлөө системасын киргизет. Бул тууралуу Economist.kg басылмасы Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаевге таянып жазды

Буга чейин Уезбаев «Биринчи радионун» эфиринде шаардыктар бир маршрут керектүү жерге чейин жетпей, адамдар бир нече транспорт алмаштырууга туура келип жатканын айтып нааразы болуп жатканын айткан.  

Анын айтымында, сунушталып жаткан система боюнча шаардыктар коомдук транспортто жүрүү үчүн жарым, бир же бир жарым саатка төлөшөт жана ал убакыт ичинде кайра төлөбөстөн бир канча жолу каттамды өзгөртүп кете берет.

«Мэриянын алдындагы транспорт департаменти жогорудагы концепцияны сунуш кылды. Эми мындан ары туура келген тарифти иштеп чыгабыз. [Саатына жараша төлөө] бир гана муниципалдык транспортко, анын ичинде муниципалдык автобустар менен троллейбустарга тиешелүү болорун белгилеп өтүү керек», — деди ал.

Уезбаев саатына жараша төлөө системасын киргизүү «баардык тийиштүү документтердин даяр болгонунан көз каранды» деп белгиледи.

«Мен эми эртең эле кирет деп айта албайм, бирок бир жыл ичинде жаңы системага өтөбүз деген ниет бар», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин Бишкек мэриясы миллондон ашык жашоочусу бар шаарда коомдук транспорт жетишсиз экенин айткан. Ошентип, жылдан жылга муниципалдык автобустар менен менчик маршруткалардын саны азайып бара жатат. Ушундан улам мэрия жаңы автобустарды сатып алууну көздөп жатат. 

Ошентип бийлик Кытайдан 1 миң жаңы автобус сатып алды. Анын 200ү шаарга жетип, каттамдарга чыкты. Эми 2023-жылдын соңуна чейин дагы 300 автобус келет, ал эми 2024-жылы — дагы 500 автобус алып келинет.