Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан кийин ишин баштады

1-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы болду.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев сессияны ачык деп жарыялап, Кыргызстандын гимни жаңырды. 

«Аткаруу бийлиги ушул жерде көтөрүлүп жаткан маселелерди, көйгөйлөрдү биргелишип бир топ иштер жасалып жатат. Аймактар өнүкпөсө, өлкө өнүкпөйт, өлкө күчтүү болбойт. Аймактарды баарыбыз кыдырып келдик. Көйгөйлөр дагы деле бар. Биз бүгүн сессиянын ачылышын баштадык, буйруса комитеттерде, фракцияларда ишти улантабыз», — деди Шакиев. 

Парламенттин ушул чакырылышы 2021-жылдын 29-декабрында ишин баштаган болчу.

Башкы бетте архивдик сүрөт.