Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекети кайрадан иштей баштады

1-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кара-Багыш» жана «Бек-Абад» өткөрмө бекеттери кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районундагы «Кара-Багыш» өткөрмө бекети эки тараптуу өткөрүү жайы макамына ээ. Ал жерден эки өлкөнүн жашоочуары унаасыз, жүксүз, жаныбарларсыз жөө өтө алышат.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан «Бек-Абад» бекетинде унаа менен кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле башка өлкөнүн жарандыры да өтө алат.

Эки өткөрмө бекети тең 2010-жылдан бери жабык турган. Үстүбүздөгү жылдын 30-майында, Чек ара кызматы «Бек-Абад», «Кара-Багыш» жана «Кара-Суу» бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылып, айрымдары 2016-жылдан тарта кайра ачыла баштаган.

2023-жылдын май айында соцтүйүндө өзбек тарап чек арадагы дубалды бузуп жатканы тартылган видео тараган. Кыргызстандын Чек ара кызматы өзбек тарап өзүнүн «Бек-Абад — Ханабад» өткөрүү бекетин калыбына келтире баштаганын билдирген.

«Мурда кепилденген өткөрүү бекеттеринин ишин жандандыруу боюнча жакында эле болгон эки тараптуу макулдашуудан соң аларды калыбына келтирүү боюнча бардык иштерди аткардык. Ушундай эле иш бүгүн өзбек кесиптештерибиз тарабынан жүргүзүлүп жатат», — деп белгилешкен мекемеден.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасынан «тоскоолдуксуз өтүү үчүн» жарандардан пара алган аскер кызматкерлери кармалды

Оштун тургуну «Достук» өткөрмө бекетинин кызматкерлери аны сабаганын айтты, мекеме муну четке кагууда