Видео: Кыргыз-тажик жаңжалынан кийин калыбына келтирилген Капчыгай айылы

Баткендин Капчыгай айылынын тургуну Абдыжапар Турдалиевдин үйү 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында өрттөнгөн. Ал үй-бүлөсү менен 7 айдан соң мамлекет салып берген жаңы үйгө көчүп кирди. Турдалиев мурунку үйү 8 бөлмөлүү болгонун айтып, жаңы үч бөлмөлүү үйдө үч үй-бүлө жашагандыктан кысылып жатканын айтты.

Чек арадагы жаңжалдан Капчыгай айылында 80ге жакын үй өрттөнгөн. Мамлекет аларды куруп берүүнү өз мойнуна алып, 7 айдан соң үйлөрдүн курулуш иштери аяктаган. Андан сырткары үйүнөн жабыркаган тургундарга 300 миң сомдон кенемте төлөнүп жатат. 

Айыл тургундары тынч тиричиликти улантуу үчүн, бийлик чек ара маселесин тез арада чечип берсе дейт.

Негизги бетке архивдик сүрөт колдонулду: Баткендеги калыбына келтирилген үй.