УКМК Кайгуул милиция кызматкерин опузалап 60 миң сом алган блогерди кармады

Шектүү. Сүрөт: УКМК.

Чүй облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин опузалап 60 миң сом талап кылган блогер Алина Жумагулова кармалды. Бул тууралуу 4-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Сокулукта жайгашкан мейманканада милиция кызматкеринин кызматтык унаасы менен жүргөнүн видеого тартып алган. Кийин ал кызматкерди «тасманы интернетке жарыялайм» деп коркутуп, акча алган.

Бул боюнча атайын кызмат «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү 30-августта кармаган. Азыр ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камалды

Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт киши кармалды