Блогер Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камалды

Сүрөт: Улукбек Карыбек уулунун фейсбук барагы

Блогер Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматты «Клоопко» 15-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Билдирүүдө Карыбек уулу эки шериги менен облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө «санитардык норманы сактабай бастырып кирүү менен дарыгерлерге зыян бергени» айтылат.

Маалыматка ылайык, окуя 7-июль күнү болгон. Анда төрөткананын башкы дарыгери милицияга кайрылып, «белгисиз журналистер уруксатсыз видеого тартып, жумушуна тоскоолдук кылганын» айткан.

Милиция кызматкерлери жерине барып, ал жакта Улукбек Карыбек уулу жүргөнүнө күбө болушкан.

«Карыбек уулу өзүнүн эки шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык норманы сактабай, жандандыруу бөлүмүнө кирип келген. Дарыгерлердин талабына баш ийбей, Эрмек Жабар уулунун колун кайрып, экинчи дарыгер Аксана Жумабекованы түртүп жибергенде башы менен дубалга тийген. Алар төрөткананын экинчи кабатынын эшигин бузуп, ар бир палатага кирип, жаңы төрөгөн 10дой аялдан интервью алганы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан мекемеге дээрлик 37 миң сомдой зыян келтирилгенин жана дарыгерлер кандай жаракат алганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын белгилешти.

«Жаңы көз жарган 20 бейтап башкы дарыгерге кайрылып, Карыбек уулу төрөт үйүн бастырып кирип, уруксатсыз тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алганын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экенин айтышкан», — дешти милициядан.

Ош ШИИБден Карыбек уулу сурак берип, тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

14-июлда блогердин фейсбук барагына «аны милиция кызматкерлери кармап, Ошко алып баратышканы» тууралуу билдирүү чыккан. Анда окуянын жеринде тартылган сүрөт да жарыяланган. Ош ШИИБнин билдирүүсү боюнча Карыбек уулунан комментарий аууга мүмкүн болгон жок.

Карыбек уулу деген ким?

Улукбек Карыбек уулу блогер жана журналист катары белгилүү. Ал журналистика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Башында ал «Манас Жаңырыгы» телеканалында иштеген, кийин «Марва» телеканалын жетектеген.

Карыбек уулу 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Эл Үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Талапкерлердин тизмесинде экинчи орунда турган. Бирок партия шайлоодо өтпөй калган.

Ошондой эле ал минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына кабылган блогер катары да белгилүү. Байсалов анын видеосун мисал келтирип, өкмөт блогерлердин «чектен чыккан» иш-аракетине чара көрөт деп билдирген.

Карыбек уулу анын сынын «коомго тескери маалымат таратуу» катары баалап, маалыматты манипуляция кылуу «мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт» деп эскерткен.

Блогер видео материалдарын YouTube каналына чыгарат. Каналынын 500 миңден ашык катталуучусу бар.