УКМК: «Мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталган мурдагы аскер кызматкери 8 жылга кесилди

4-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталган запастагы аскер кызматкери сегиз жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кыргызстандын тышкы коопсуздугуна зыян келтирүү менен иш жүргүзүүдө мамлекеттик сырларды берүү, тыңчылык кылуу же чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга башка жардам көрсөтүү» боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмдү Жогорку сот чыгарган, ага ылайык айыпталуучу жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт. УКМК өкүм качан чыкканын жана соттолгон адамдын аты-жөнүн ачыктаган жок.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров «Мамлекеттик чыккынчылыкка» шектелип кармалып, 24-октябрга чейин камакка алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ Адахан Мадумаров «мамлекеттик чыкынчылыкка» айыпталып жатканын тастыктады

«Мамлекеттик чыккынчылык». Депутат Адахан Мадумаров ИИМ тарабынан кармалды