Ош: Көк бөрү чырынан кийин кармалган тогуз киши эки айга камалды

Оштогу Төлөйкөн ат майданындагы көк бөрү оюнунан кийинки чырга байланыштуу 9 кишиге иш козголуп, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 5-сентябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңжалга байланыштуу жалпы 65 киши суракка алынган. Алардын 9уна «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Ал эми 56 тургунга «Майда бейбаштык» беренесинин негизинде административдик протокол түзүлүп, коё берилгени айтылды.

Учурда тергөө иштери уланып жатат. 

Көк бөрүдөн чыккан чыр

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусунда көк бөрү оюну өткөрүлүп, анын финалында Таластын «Ынтымак» командасы Оштун «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко алып, анда жалпы алты киши жабыркап, бир милиция кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген. Ташиев чагымчылдыкка алдырбоого жана ынтымакка чакырган.

Ал эми ИИМ окуяга байланыштуу соцтармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.

1-сентябрда Ош милициясы чырга тиешеси бар 25 кишини кармаган. Териштирүү уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Көк бөрү оюнундагы чырга байланыштуу 25 киши кармалды

Ош: Көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркады, бир улакчы ооруканага түштү