Ош: Көк бөрү оюнундагы чырга байланыштуу 25 киши кармалды

Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданында өткөн көк бөрү оюнунан кийинки чырга тиешеси бар 25 киши кармалды. Бул тууралуу 1-сентябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара учурунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып жатат. 

«Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат», — деп билдиришти милициядан.

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусунда көк бөрү оюну өткөрүлүп, анын финалында «Ынтымак» командасы «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко алып, анда жалпы алты киши жабыркап, бир укук коргоо органынын кызматкери ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле жерине барган тез жардам кызматынын Ford Transit үлгүсүндөгү унаасын талкалашкан. Бул маалымат милициянын электрондук журналына катталган.

Окуя тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген. Ташиев чагымчылдыкка алдырбоого жана ынтымакка чакырган.

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги салтанат Ошто өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркады, бир улакчы ооруканага түштү