УКМК: Ноокат райондук сотунун судьясы чет өлкөнүн жараны экени аныкталды

Нурлан Байзаков. Сүрөт: Жогорку Сот

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Нурлан Байзаковдун кош жарандыгы аныкталды. Бул тууралуу 5-сентябрда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 29-августта прокуратура Судьялар кеңешине Байзаковго карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирген.

Судья 2016-жылы кыргыз жарандыгын алып, 2021-жылдын 26-июнунда Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалганы белгилүү болду.

Кийинчерээк, 2022-жылы 30-апрелде, ротация тартибинде Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган. Байзаков судья катары тандоо процессинде чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырганы тастыкталды.

Комитеттен аталган судья мыйзамдарга ылайык, чет элдик жарандыгы болгонуна байланыштуу судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керектигин белгилешти.

Байзаков өзү бул тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстан башка өлкөлөр менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Ошондой эле мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси болууга укугу жок.

Автору: Назайым Тилевалдыева