ЖМК: Бостериде каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу үч милиционер кармалды

Бостериде каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу иштен улам үч милиция кызматкери кармалганын Kaktus.Media басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери өткөн жумада эле кармалган. Алар көл жээгинде болгон «мушташты жана Таластын тургунуна карата жасалган кылмышты жарышууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

Басылма кармалгандардын бири атайын багыттагы полктун командири жана эки катардагы кызматкер экенин кошумчалады. Соттун чечими менен шектүүлөр Каракол шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Ички иштер министрлигинен «Клоопко» милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча маалымат такталып жатканын айтышты.

Бекбол Аманкуловдун өлүмү

14-августта ИИМ 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелген төрт киши кармалганын билдирген. Маркумдун достору жана туугандары Аманкулов ур-токмоктон каза тапканын айтышкан.

ИИМ окуяга байланыштуу 100дөн ашык киши суралып, 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө бергенин маалымдаган. Алар окуя болгон жерге жакын жайгашкан бар, кафе, ресторан жана дүкөндөрдүн жумушчулары.

Адам өлтүрүүгө шектелип кармалган 28 жана 32 жаштагы эки киши эки айга камакка алынган.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум көл жээгиндеги барда эс алып жатканда белгисиз бирөөлөр менен чатакташа кеткен. Кийин ал ошол эле бардын жанынан эс-учун жоготкон абалда табылган — биринчи жардам көрсөтүү эч кандай натыйжа берген эмес.

Каза болгон жигиттин туугандары жана достору иликтөөгө нааразы болуп, президентке кайрылышкан.

Кийин 7-августта бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон. Ага чейин президент милицияга жана өзүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Ысык-Көлдө эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоону тапшырган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

23 жаштагы жигиттин өлүмү: Милиция шектүүлөрдү кармоо учуру тартылган видео эски экенин тастыктады

Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелгендер кармалды