Бостери: 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиционер кармалды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 24-августта облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 22-августта кармалган. Аларга да «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүүлөрдүн бөгөт чарасы 24-августта каралат.

23 жаштагы маркум Бекбол Аманкулов. Сүрөт: Интернеттен алынды

14-августта ИИМ 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелген төрт киши кармалганын билдирген. Маркумдун достору жана туугандары Аманкулов ур-токмоктон каза тапканын айтышкан.

ИИМ окуяга байланыштуу 100дөн ашык киши суралып, 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө бергенин маалымдаган. Алар окуя болгон жерге жакын жайгашкан бар, кафе, ресторан жана дүкөндөрдүн жумушчулары.

Адам өлтүрүүгө шектелип кармалган 28 жана 32 жаштагы эки киши эки айга камакка алынган.

Мындан сырткары Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу иштен улам үч милиция кызматкери кармалган. Алардын бири атайын багыттагы полктун командири жана эки катардагы кызматкер экени маалым болгон. Кызматкерлер көл жээгинде болгон «мушташты жана Таластын тургунуна карата жасалган кылмышты жарышууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

Буга чейин каза болгон жигиттин туугандары жана достору иликтөөгө нааразы болуп, президентке кайрылышкан. Кийин 7-августта бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Бостериде каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу үч милиционер кармалды

23 жаштагы жигиттин өлүмү: Милиция шектүүлөрдү кармоо учуру тартылган видео эски экенин тастыктады

Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелгендер кармалды