«Манас» аэропортунун кызматкерлери алтын аткезчилигине көмөк көрсөткөн деп шектелүүдө

Өлкө аймагынан бир нече жолу алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгып жүргөн аткезчилер менен бирге «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу 5-сентябрда УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 3-сентябрь саат 08:40та «Манас» эл аралык аэропортунан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган Кыргызстандын жаранынан жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн алтын табылган. Алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.

Аталган факт боюнча «Манас» эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери улантылып жатат.

1-сентябрда Ош аэропортунда болжолдуу наркы 5 млн сомдон жогору алтын жасалгаларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган киши кармалган.

Кармалган шектүү салмагы 848 граммды түзгөн алтын жасалгаларды бажы мыйзамын кыйгап өтүп, Ош — Стамбул багытындагы учакка алып кирүүнү көздөгөн. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: 5 млн сомдук алтынды учакка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган чет өлкөнүн жараны кармалды