«Паспорт мафиясы жоюлду». Кыргызстан жарандар үчүн паспортторду өзү басып чыгара баштады

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 5-сентябрда «Учкун» мамлекеттик басмаканасы Кыргызстандын жарандары үчүн паспортторду басып чыгара баштаганын билдирди

«Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык», — деп жазды ал. 

Султанбаев Кыргызстандын жарандарынын паспорттору буга чейин чет өлкөлөрдө басылып келгенин, бул анын айтымында, «айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан».  

«Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти.[…] Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык», — деп кошумчалады Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы жыл сайын Кыргызстан чет өлкөдөн 1,5 млн  ID-карт менен жалпы жарандык паспортторду буюртма берип келгенин да кошумчалады. Ошондой эле ал буга чейин чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жасалма паспорттору менен кармалган фактылар болгонун, алардын жасалган жерин аныктоо дайым эле мүмкүн болбогонун да белгиледи. 

Султанбаев мындан ары Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбой турганын жана баардык процессти мамлекет көзөмөлдөрүн белгиледи. 

«Учкун» мамлекеттик басмаканасы кыргыз паспортторун басып чыгара баштары тууралуу президент Садыр Жапаров 2023-жылдын февралында эле айткан. Анда ал паспорттор майда басып чыгарыла баштайт деген болчу. 

«Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке компаниялар басып чыгарчу. Бул үчүн мамлекеттен 15 млрд сом бөлүнгөн болсо, кайра ал мамлекетке салык же киреше түрүндө келген эмес. Эми мамлекеттин каражатына "Учкундан" гана басып чыгарабыз, биздин эсеп менен алганда мамлекетке 3 млрд сомдон кем эмес салык түшүп турат», — деген президент.