Сохто такталган чек арага тосмолорду орнотууга байланыштуу жолугушуу өттү

6-сентябрда Баткен районунун жана Өзбекстандын Сох районунун акимдери жолугушту. Бул тууралуу Баткен акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек арада чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сүйлөшүшкөн.

Ошондой эле чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алаканы күчөтүү, эки тараптуу маданий иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашкан.

Мындан сырткары эки тарап чек аралаш аймактарга тосмо куруу, инженердик курулмалар жүрүп жаткан аймактарда түрдүү тоскоолдуктарга жол бербөө максатында элдерге түшүндүрүү жүргүзүү тууралуу макулдашышкан.

«Эки тараптуу жолугушуу конструктивдүү духта, бирин-бири түшүнүү менен өткөрүлүп, өз максатына жетти», — деп айтылат билдирүүдө.

Сох анклавы Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен чектешет. Чек ара дээрлик чечилген бирок жеринен тактоо же демаркациялоо иштери аяктай элек. Буга чейин чек ара такталбаганынан жергиликтүүлөрдүн арасында байма-бай чыр чыгып келген.

Үстүбүздөгү жылдын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктаганын билдирген. Бул процесс Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычын коңшу өлкөгө берүүгө байланыштуу нааразычылыктарды жаратып, жер-жерлерде митингдер өткөн. Ошондой эле суу сактагычты берүүгө каршы болуп, бийликке сын айткан 30га чукул активист жана саясатчы камалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: Чечменин тургундары булактын маселеси кандай чечилгенине кызыгууда

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктады