Кадамжай: Чечменин тургундары булактын маселеси кандай чечилгенине кызыгууда

Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагынын маселеси кандай чечилгенине кызыгып, бийликке кайрылуу жолдошту.

Жергиликтүү тургундар булактын тегерегиндеги жер коңшу өлкөгө өтөөрү тууралуу маалымат укканын айтышып, буга тынчсызданып жатканын билдиришти.

«Президент чек ара чечилди деп жатат. Эгер чек ара чечилген болсо биздин Чечме булагыбыз кандай болуп чечилди? Биз силерден расмий жооп күтөбүз. Бул жерге келип бизге жооп бериңиздер, эсептешип кетиңиздер. Ал жакта отуруп алып 100%га чечилди дегенге биз ишенбей калдык», — деди тургундардын бири.

Чечмеликтер «булак бардык документтер боюнча Кыргызстандыкы» деп айтышты.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 15-ноябрда «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Ошондой эле депутаттар «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы үч окууда кабыл алышты. 

Ал эми 16-ноябрда аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорлорун жактырды. Документтерди талкуулоо учурунда депутат Чыңгыз Айдарбеков макулдашууга Кемпир-Абаддан тышкары дагы үч суу ресурсу, Орто-Токой суу сактагычы, Гавасай дайрасы жана Чечме булагы кошулганын билдирди.

«Кыргызстан Гавасай дарыясынын табигый агымына тоскоол боло турган кандайдыр бир гидротехникалык жана башка курулмаларды курбоого, ошондой эле, Гавасай дарыясында сууну техникалык булганышына жол бербөөгө милдеттендирилет. Эмнеге биз ушундай милдеттендирмелерди алып жатабыз өз мойнубузга? Андан кийин, 8-беренеде, бул участок жөнгө салынганга чейин келишим түзүүчү жогорку тараптар Чечме булагын биргелешип пайдалануу боюнча өзүнчө өкмөттөр аралык макулдашууну түзүү тууралуу макулдашты. Бул жакта тамгалар өтө кичинекей, ошондуктан, окууга өтө кыйын. Атайын ушундай жасап атат менимче», — деди Айдарбеков.

Кыргызстан менен Өзбекстан Чечмени башкаруу боюнча өзүнчө макулдашуу кабыл алганы жатканын минкабдын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев дагы айткан болчу. Буга чейин аталган булак далай жолу чек арага жакын айыл тургундарынын чырларына себеп болуп келген, анткени ал жерден көп жылдан бери кыргызстандыктар да, өзбекстандыктар да суу алышат.

Чечмедеги чыр

2020-жылдын 31-майында Кыргызстандын Чечме айылынын жана Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан улам чыр чыккан.

Натыйжада 25 кыргызстандык ар кандай жаракат алган — алардын жыйырма бирине медициналык жардам көрсөтүлүп үйдө дарыланууга чыгарылган.

Ал эми Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы жаңжалда Сох анклавынын 187 тургуну жабыркаганын кабарлаган. Алардын 15и ооруканага жеткирилип, беш жаран жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Өлкөдө бийлик алмашкан соң, 2021-жылдын март айында, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 30-мартта Баткен облусунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушкан.

Анда ал Өзбекстан менен чек арада «талаштуу жер калган жок» деп маалымдаган. Бирок Чечме булагы чечиле электигин белгилеген. Ошондой эле, Чечмени эки өлкө келишимдин негизинде пайдаланып турарын айткан.

Жолугушуу учурунда жергиликтүүлөрдүн бири Ташиевден Чечме булагынын айланасын тосуп берүүнү суранган. Ал «коңшу өлкөнүн аскерлери тоскоолдук кылгандыктан балдарыбыз сууга баргандан коркот» деп билдирген. Бирок Ташиев «мындан ары тургундарга коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан тоскоолдук болбойт» деп убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Камчыбек Ташиев: Чечме булагынын маселеси чечиле элек, сууну эки тарап пайдаланат

Чечмедеги чыр: келтирилген зыян толук төлөнүп бериле элек — тургундар нааразы