‼️ЧУКУЛ КАБАР: Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзам боюнча «Клооптун» сайтын бөгөттөгөнү жатат

Маданият министрлиги «Клооптон» «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген макаланы фейктер жөнүндөгү мыйзамга ылайык өчүрүүнү талап кылды.  

7-сентябрь күнү кечке маал «Клооптун» электрондук дарегине келип түшкөн катта аталган материалда «жалган маалымат» бар экени айтылат. Ошол эле кезде чечимде так кайсы маалымат жалган экени айтылган эмес.

Анда «Клооптун» материалы боюнча арызды УКМК бергени айтылат.

«Сайттын ээси тарабынан Kloop.kg сайтындагы жалган маалыматты өчүрүү жөнүндөгү чечим көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаса, министрлик Kloop.kg сайтынын ишин эки айга чейинки [мөөнөткө] убактылуу токтотуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат», — деп айтылат маданият министрлигинин катында. 

Ведомство «жалган маалыматты» эки иш күндүн аралыгында өчүрүүнү талап кылып жатат. Чечимге маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгуловдун колу коюлган. 

Маданият министрлиги «жалган» маалымат бар деп санаган кабарда оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун билдирүүсү чагылдырылган. Анда ал Бишкектеги ТИЗО-1де «УКМКнын тапшырмасы боюнча кыйноого кабылып жатканын» билдирген. Саясатчы «сыз, муздак камерага жатууга ден соолугу жол бербейт» дегенине карабай жарым подвалдагы 1-кабатка которушканын айтып даттанган.

Саясатчынын укук коргоочуларга, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна жана акыйкатчыга жолдогон кайрылуусу 1-сентябрь күнү Жээнбековдун фейсбук барагында жарыяланган.

Материалда ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) позициясы да камтылган. Анда ведомство Жээнбековдун билдирүүсүн четке каккан.  

«Баары мыйзамдын чегинде гана кармалат. Эч кандай кыйноого жол берилбейт. Көзөмөлдү жогору турган органдар менен прокуратура, ошондой эле акыйкатчы, КААУБ жана парламент жүргүзөт», — деп билдиришкен анда кызматтан. 

6-сентябрда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбордун кызматкерлери ТИЗО-1ге барып, Жээнбеков кармалган жердин шарттары менен таанышып чыгышкан. Алар Жээнбеков чынында эле ТИЗОнун жарым подвалында жайгашкан камерага которулганын тастыкташкан. 

КААУБдун кызматкерлеринин айтымында, мындай камерада гигиена жана санитардык талаптарга жооп берген шарттар жок, бул жай өтө нымдуу болгондуктан дубалдар менен шыптын «шыбактары түшүп», полдогу бетондон жарака кеткен. 

Ошондой эле укук коргоочулар адамдарды кармоого ылайык эмес шартта тутуу «ырайымсыз, адамкерчиликсиз жана кишинин аброюн кемсинткен мамиленин шексиз фактылары» катары эсептелерин белгилешти.