Президент Каныбек Иманалиевди билим берүү министри кызматынан бошотту

Президент Садыр Жапаров билим берүү министри Каныбек Иманалиевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 7-сентябрда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта Иманалиев «тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» кызматынан бошотулганы белгиленет.

Каныбек Иманалиев билим берүү министри кызматына быйыл март айында дайындалган. Акыркы убакта Иманалиев өлкө мектептеринде окуу китептеринин тартыштыгына байланыштуу сынга алынып жаткан болчу.

Жакында эле Иманалиев Билим берүү министрлигинин ишеним телефондору иштебей жатканын билгиси келип министрликке барган депутат Эрулан Көкүлов менен кайым айтышып кеткен.