Сот ымыркайы реанимацияда жаткан аялды камакка алды

Ош шаардык соту 31-августта 32 жаштагы Айганыш Көкчөеваны камакка алды. Чечим аялдын реанимацияда жаткан ымыркайы бар экенине карабастан чыгарылган. Камактагы аялдын энеси Нуржамал Исакбаева, кызы мөөнөтүнөн мурда көз жарып, чүрпөсү ара төрүлүп калганын айтат. Мындан улам бала жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, реанимацияда энесине муктаж болуп жатат.  

Милиция Көкчөева ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жатканын жана аял өлкөдөн качып чыгып кетүүгө аракет кылган деп билдирүүдө. Милиция Көкчөеванын энесинин кайрылуусун «кызын кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу аракети» катары баалап жатат. 

Эненин кайрылуусу

 6-сентябрда камактагы аялдын энеси менен балдары AKIpress’те маалымат жыйын куруп, журналисттер менен коомчулуктан жардам сурашкан. 

Исакбаеванын айтымында, кызы балдары менен Ошто турчу, бирок төрөш үчүн Бишкекке келген. 

Ал кызы Ошто ишкердик кылып, дүңүнөн балдар кийимдерин сатып иштеп жүргөнүн, бирок кызынын үстүнөн карызга акча алып бербей жүрөт деген арыз жазылганын билдирди.  

Эненин айтымында, кызы Бишкекке кеткенден кийин тергөөчүнүн чалууларына жооп бербей жатат делип издөөгө жарыяланган экен. 

«Кызым тергөөчүнүн чалууларына дайыма эле жооп берип жүрчү, эч качкан эмес. Болгону оозеки чакырбай, чакыруу кагазын жөнөтүүнү талап кылып аткан. Мындан тышкары, далай айтты реанимацияда жатам деп. Андан кийин баланы карасын деп [кызымдын] телефонун алып кетип калдым. Анан сентябрда балдары мектепке, бала бакчага барышы керек болгондо күйөө балама балдардын документин салып жибер дедим. Бирок ал байланышка чыкпай, документтерди жөнөтпөй койду. Ошондуктан кызымды Ошко өзүң барып, документтерди алып кел дедим. Анан ал Ошко түнү учуп барып, кайра эртең менен Бишкекке, ымыркайынын жанына келип калышы керек эле. Бирок кызымды милиция кызматкерлери кармап кеткен экен. Көрсө кызымды телефону өчүк болгондуктан издөөгө жарыялап, реанимацияда өлүм менен күрөшүп аткан баласы жатканына карабастан 15 суткага камап салыштыптыр», — дейт окуянын чоо-жайын Исакбаева.

Аялдын энеси ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушнвге кайрылып, жаңы төрөлгөн ымыркайды «жандандыруу бөлүмүндө энесиз калтырып койгон» кызматкерлеринин аракеттерине көңүл бурууну суранды. Аял алардан кызын бошотууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

 

Милиция эмне дейт?

Ал эми Ош милициясы окуяга комментарий берип, Айганыш Көкчөева укук коргоо органдарынан качып кетүүгө аракет кылган деп билдирди.

Ош ШИИБнин маалыматына ылайык, Көкчөева алдамчылыкка шектелип жатат. Милициядан анын үстүнөн Оштун төрт тургуну арыз жазганын айтып беришти. Алардын айтымында, кармалган аял аларга ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин 696 миң долларга сатам деп убада берген.

Камакка алынган Айганыш Көкчөева. Сүрөт: Ош ШИИБнин басма сөз кызматы

Мындан тышкары, аялдын үстүнөн Бишкекте да буга окшогон бир канча арыз түшкөнү айтылат. Милициянын маалыматына ылайык, кайрылгандар 300 миң доллардан ашык чыгымга учурашкан. 

«Тергөөчү тарабынан бир нече ирет чакырылгандыгына карабастан, келбестен өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Бишкек шаарында, баласын ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап, чыгып, Бишкек-Стамбул» багыты боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качып бара жаткан учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек аэропортунан кармалган жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Бишкектеги оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн. Бүгүнкү шектүү К.А.нын апасынын журналисттерге берген маалыматын кызын кылмыш жоопкерчилигинен куткарууга жасаган аракети деп баалайбыз», — деп белгилешти милициядан.

Ош ШИИБинен келтирилген зыяндын көлөмүн жана айыпталуучунун качып кетиши мүмкүндүгүн эске алуу менен аны камакка алуу чечими кабыл алынганын кошумчалашты.