Бишкек: Мэрия автобустардын жетишсиздигинен улам кээ бир маршруткаларды линияга кайтарды

Бишкек мэриясы автобустардын жетишсиздигинен улам маршруткаларды айрым каттамдарга кайра чыгарды. Бул тууралуу муниципалитетке таянып, «Кактус. Медиа» жазды.

Сөз 100, 105, 152, 195 жана 212 номерлери менен каттаган маршруттук таксилер жөнүндө болууда.

«Жаңы каттамдар ишке киргизилген алгачкы күндөрдө кемчиликтер болгон. Бүгүнкү күндө абал жөнгө салынып, учурда каттамдарды толуктоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле автобустук каттамдар толукталганга чейин кичи автобустарды убактылуу ишке киргизүү чечими кабыл алынды», — деп билдиришти мэриядан.

Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкуловдун айтымында, бул маршурткалар каттамга чыкканы менен аз санда иштеп жатат.

«Бул 5 маршруттук линияда 167 кичи автобус бар болчу. Алар 122 автобус менен алмаштырылган. Бирок жарандар автобустар жетишпей жатканын жана аларды көпкө күтүп жатышканын айтып даттанышкан. Ошондуктан азырынча кичи автобустарды ала албайбыз. 167 кичи автобустун ичинен 15 пайызы иштеп жатат. Керектүү сандагы автобустар келмейинче кичи автобустар иштеп турат. Бирок бардык кичи автобустар алына турган учур келет», — деди Сазыкулов AKIpress’ке курган маегинде.

31-августта мэрия шаардын көчөлөрүнө 200 жаңы автобус чыкканын билдирген. Алар № 15, 51 жана 52 жаңы ачылган маршруттарда, ошондой эле буга чейинки №100, №105, №152, №195, №212 маршруттарда каттап жатат.

Анда муниципалитет 2023-жылы сатып алынган 1000 автобустун калганын шаардын көчөлөрүнө чыгарууну убадалаган.