Ош: Кара-Сууда «КамАЗ» тебелеп кеткен эки жашар наристе чарчап калды

Ош облусунун Кара-Суу районунда «КамАЗ» тебелеп кеткен эки жашар наристе көз жумду. Бул тууралуу 12-сентябрда облустук милициядан билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу унаасын жол четине токтотуп, дүкөнгө кирип кеткен. Ошол учурда ойноп жүргөн эки жашар кыз оор жүк ташуучу унаанын алдына жашынып алган. «КамАЗ» күтүүсүз жерден артка жүрүп, кызды тебелеп алган.

Кыз окуя болгон жерде каза тапкан.

Маркумдун жакындары медициналык экспертизидан баш тартышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу: Маршрутканын айдоочусу жолдо жаткан адамды тебелеп кетти, ал жеринде каза тапты