Кара-Суу: Маршрутканын айдоочусу жолдо жаткан адамды тебелеп кетти, ал жеринде каза тапты

Иллюстративдик сүрөт. Turmush басылмасынан алынды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учар айылынын жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутканын айдоочусу жолдо жаткан кишини коюп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапты.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, кырсык 9-февраль эртең мененки саат 07:30 чамасында болгон.

Маалыматка караганда, «Н.М.уулу» башкарган «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаа жолдо жаткан 55 жаштагы кишини сүзүп кеткен. Ош облустук ЖКККБдан маркумдун өздүгү тактала электигин белгилешти.

Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тийиштүү экспертизаларды дайындап, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди. Ал эми автоунаа ЖКККБнын айып короосуна киргизилген.

2021-жылдын август айында Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 25 жаштагы тургун унаасын жылдырып жатып эки жаштагы карындашын байкабай тебелетип алган. Унаанын алдында калган наристе оор жаракат алгандыктан, 7 сааттан кийин ооруканада көз жумган.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.