«Ар бир доордун өз каармандары бар». Президент мыкты делген инсандарга сыйлык тапшырды

12-сентябрда президент Садыр Жапаров өлкөгө эмгеги сиңген, мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Алардын арасында көзү өткөндөр да бар.

Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын белгилегенин айтып, «эркин элдин, демократиялуу коомчулуктун өзөгүн өз ишин берилип сүйгөн, жаратман, иштерман, чыныгы каармандар кармап турат» деп бегиледи.

Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик сыйлыкка татыгандар:

  • «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак шумкар» өзгөчө белгиси — Советтик-мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркулов; 
  • «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак шумкар» өзгөчө белгиси — академик, хирург Иса Ахунбаев;
  • «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак шумкар» өзгөчө белгиси — коомдук жана мамлекеттик ишмер Насиридин Исанов;
  • «Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры» жана «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасы — акын, котормочу Түмөнбай Байзаков;
  • «I даражадагы Манас» ордени — Медициналык академиянын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Сабырбек Жумабеков;
  • «I даражадагы Манас» ордени — академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев;
  • «II даражадагы Манас» ордени — Ельцин атындагы Кыргыз-орус-славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы Хаким Бебезов;
  • «Курманжан Датка» ордени — Медицина илимдеринин доктору Нелли Ахунбаева;
  • «Данакер» ордени — «Түрксой» эл аралык уюмунун башкы катчысы  Султанбай Раев; 
  • «III даражадагы Манас» ордени — акын, жазуучу, Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү Асан Жакшылыков; 
  • «III даражадагы Манас» ордени — «Бакай банктын» директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимов;
  • «III даражадагы Манас» ордени — акын-жазуучу, Улутуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Менди Мамазаирова;
  • «III даражадагы Манас» ордени — Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин радио жана телевидение, кино бөлүмүнүн жетекчиси Молдосейит Мамбетакунов;
  • «III даражадагы Манас» ордени —  «Каопа» кыргыз учкучтары жана авиоторлору асосоциясынын төрагасы Союзбек Салиев;
  • «Достук» ордени — «Кыргызстан-Азербайжан»  достук жана кызматташтык коомунун төрагасы Акиф Алафердов;
  • «Эрдик» медалы — 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңдалда каза болгон жоокерлер Мыктыбек Мурзажанов, Уланбек Улукбеков жана Айбек Ысманов;
  • «Даңк» ордени — Президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринаткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жетиген Бакиров;
  • «Даңк» ордени— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев;
  • Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы — Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти Гүлжамал Абдыкадырова;
  • «Даңк» ордени — куудул, сатирик Абдылда Иманкулов; 
  • «Даңк» ордени — Ысык-Көл облусунун маданият үйүнүн ийрим жетекчиси Ырысбүбү Кашкарбаева; 
  • «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы — акын Жедигер Саалаев;
  • «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» — сүрөтчү Нурганыш Асанова;
  • «Эрдик» медалы — Баткен токой-чарбасынын директору Бактияр Козубаев; 
  • «Эрдик» медалы— ӨКМдин Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн башчысы Айбек Маманазаров;
  • Мамлекеттик кызматтагы эмгек сиңирген ишмер наамы — Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытов;
  • Мамлекеттик кызматтагы эмгек сиңирген ишмер наамы — Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова;
  • Мамлекеттик кызматтагы эмгек сиңирген ишмер наамы — Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Толонов;
  • Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер наамы — Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков;
  • Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер наамы — Манасбек Ахматов;

Мындан тышкары эмгеги сиңген мугалимдерге, акын, жазуучуларга, сотторго жана айрым депутаттарга ардак грамоталар тапшырылды. Сыйлыкка татыгандардын толук тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.

 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды

Садыр Жапаров Баткенге өзгөчө көңүл бурарын убадалады