Садыр Жапаров Баткенге өзгөчө көңүл бурарын убадалады

Садыр Жапаров жана Абдикарим Алимбаев. Сүрөт: Президенттик администрация

6-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Алимбаев инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берген. 

Ошондой эле Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык бул айылдар толугу менен кайра курулганын айткан.

«Маалыматты алгандан кийин, Президент Садыр Жапаров мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстардын көлөмү улуттук максаттарды жана милдеттерди аткарууга багытталууда», — деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Чек ара жаңжалында кожоюну окко учуп, имараты өрттөлгөн тоок ферма кайра курулду

Баткен: Президент чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн курулушун тездетүүнү тапшырды

Чек ара жаңжалында кыйраган Достук жана Капчыгай айылдарына жаңы үйлөр курулат