Парламентте үч министрди кызматка дайындоо чечими колдоо тапты

Жогорку Кеңештин депутаттары 13-сентябрдагы жыйында үч министрди кызматка дайындоого макул болду.

Жыйында депутаттар Гүлнара Батырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына, Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматына жана Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоо чечими каралып, алардын талапкерлиги колдоо тапты.

7-сентбярда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзгөн. Ал күнү дароо төрт министр алмашкан.

Баатырова Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы кызматынан алынып, эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалган, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин башына буга чейин ушул эле ведомствону башкарган Алымкадыр Бейшеналиев кайтарылган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына Нурия Кутнаева дайындалган, ал эми мекемени Кутнаевага чейин жетектеген Талантбек Иманов Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигине директорлук кызматка кеткен.

Ошондой эле президент билим берүү министри Каныбек Иманалиевди жана эмгек министри Кудайберген Базарбаевди дагы кызматынан бошоткон.