Шакиев: Баткенге авиабилеттин баасын арзандатуу боюнча Tez Jet менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев Баткен облусуна авиабилеттин баасын арзандатуу боюнча Tez Jet компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.  

«Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен да сүйлөштүк. [Жарандардан] кайрылуулар келген. Билеттин баасы 6 миң сом болушу рейстин өздүк наркын да жаппайт экен. Бирок элди социалдык жактан коргоп, жардам берүү иретинде ошол билеттин баасын кичине түшүрүп, калган чыгымдарын мамлекет тарабынан дотация кылып, колдоо боюнча иш жүрүп жатат. Бул маселе боюнча Tez Jet компаниясынын жетекчилиги менен да, Министрлер кабинети менен да сүйлөштүк», — дейт Шакиев. 

Спикер бул билдирүүсү менен депутат Чолпон Султанбековага жооп берди. Депутатка авиабилеттин баасы кымбат болуп атат деп нааразы болуп Лейлек районунун тургундары кайрылышкан. Эл өкүлүнүн айтымында, билеттин бир тарапка баасы 6 миң сом турат.  

Кыргызстанда ички маршруттар боюнча каттамдарды эки авиакомпания аткарат — Tez Jet жана Avia Traffic. Авиабилеттин баасынын кымбаттыгына байланыштуу маселе бир топ жылдан бери көтөрүлүп келет.