Элчилик: Орусияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жигит кыргызстандык экени аныкталды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 25 жаштагы кыргызстандык жарандын өлүмүнүн себебин тактап жатат. Бул тууралуу 14-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Москвада башы кесилген эки адамдын сөөгү табылган. Алардын бири 25 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал эми экинчи жабырлануучу 56 жаштагы тургун экени маалымдалды.

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Интернеттен алынды

Териштирүү иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны иликтөө иштерин өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.

Шектүү бир сутканын ичинде кармалып, Москва прокуратурасы тарабынан «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.