Ноокенде кароосуз калган сейил бак жана маданият үйү 15 млн сомго оңдолду

Ноокен районунун Масы айылында 15 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өткөн сейил бак жана маданият үйү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бактын ачылуу иш-чарасына райондун акими Масы айыл өкмөт башчысы, мекеме-ишкана жетекчилери жана айыл тургундары катышты. 

Сейил бакты оңдоого жалпы 15 миллион сом акча каражаты жумшалды. Анын 2 млн сому Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнсө, калган каражат районду өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. 

Ал эми сейил бактын аймагында жайгашкан маданият үйү жалпы 9 млн сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багы 23 млн сомго реконструкцияланып жатканы маалымдалган

Бул каражатка паркта жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иштери жүрөт. Ошондой эле сейил бактагы фонтан оңдолот. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Автору: Назайым Тилевалдыева

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов эс алуу багы 23 млн сомго оңдолот