УКМК көмүрдү арзан баада экспорттоого тиешеси бар чиновниктердин тобун кармады

УКМК бизнеске сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү экспортко чыгарууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик чиновниктердин коррупциялык схемасын аныктаганын билдирди. Атайын кызмат билдиргендей, кармалгандар көмүрдү коңшу өлкөлөргө ардан баада экспорттоп турушкан.

Бул факты боюнча УКМК «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 

«Мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын иш-аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу көмүрдү сатууга жана экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча жолго коюлган коррупциялык схемалар аныкталды, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй калган», — деп билдирди УКМК. 

Буга байланыштуу УКМКнын кызматкерлери бир катар жеке менчик ишканаларда тинтүү жүргүзүп, мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынан тиешелүү документтерди алуу жүргүзүшкөн. 

Мындан тышкары, атайын кызмат «Кызыл-Кыя – автожол», «Кызыл-Кыя – темир жол» көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, үч алмашуу бюросунда, «спорттук общак» делген жердин мүчөлөрү жашаган жерлерде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады. 

УКМКдан экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкерлер MBank мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга $300, андан кийин «спорттук общактын» мүчөлөрүнө 1-2 миң доллар төлөп, Кыргызстандан тоскоолдуксуз чыгып кетип турушканын белгиледи.

«Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, экспорт кызуу жүрүп аткан шартта, Кыргызстанда көмүрдүн баасы өсүп кеткен», — дейт УКМК.

Бул иш боюнча беш киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

  • Баткен бажысынын «Кызыл-Кыя — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;
  • Баткен бажысынын «Кызыл-Кыя» темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;
  • Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн  башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;
  • «Имамидинов Экспорт» ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;
  •  «А.Б.Б.» жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.