УКМК: Түштүктөгү июнь коогалаңында башаламандык уюштурууга шек саналган алты адам кармалды

УКМК 2010-жылы улуттар аралык жаңжал учурунда массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелгендер кармалганын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Атайын кызмат кармалгандар баш аламандык учурунда Жалал-Абаддын тургунун өлтүргөн деп дагы шектелип атканын кошумчалады. Бардыгы болуп УКМК алты адамды кармаган. 

«Кармалган жарандар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле, кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган жаранды өзгөчө мыкаачылык менен, аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды», — деп билдирди УКМК. 

Кармалгандардын баары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. 

2010-жылдагы этникалык жаңжал 

2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Жалпысынан өлкөнүн түштүгүндөгү кагылышта, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 426 адам каза таап, миңден ашык адам жарадар болгон, ал эми материалдык зыян 2,2 млрд долларга чукулдаган. 

2020-жылдын июнь айында «Азаттык» басылмасы каргашалуу окуяларды иликтөөнүн жыйынтыгында 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын 360ынын гана бети ачылганын, 3919 иш токтотулуп, 13 иш боюнча тергөө токтотулганын жазган. Дагы 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген.