Бир аял келинди уруп жаткан видео тарады. Милиция окуяны териштирүүдө

15-августта социалдык тармактарда 50 жаштардагы аял келинди уруп жаткан видео тарады. Анда аял келинди чачтан сүйрөп, башка бир нече жолу чапканын көрүүгө болот.

Жалал-Абад облустук милициясы «Клоопко» окуя Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында болгонун билдирди. 1-августта милицияга 44 жаштагы аял кайын эжеси «Үйдү бошотуп кой, иним каза болгону бул үйдө сага орун жок» деп ызы-чуу салып, аны темир түтүк менен урганын айтып, арыз жазган.

Бирок милиция текшерүүнүн жыйынтыгында «жабырлануучу жеңил жарат алган» деген жүйө менен иш козгоодон баш тарткан. Ал эми айыпталуучунун аракетине чара көрүү үчүн материалдарды тиешелүү кызматка жөнөткөн.

Кийин, 16-августта ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну милицияга арызданган. Ал атасынын эжеси «эч себепсиз жаңжал чыгарып, кичинекей кызынын көзүнчө аны муунтуп, бети-башка урганын» айтып берген.

Милициянын маалыматына ылайык, арыздануучу соттук-медициналык экспертизадан өтпөгөнүнө жана окуяда кылмыштын белгилери аныкталбаганына байланыштуу иш козголгон эмес.

Бирок ошол эле күнү эки арызда тең айыпталуучу катары көрсөтүлгөн 53 жаштагы аял Кочкор-Ата шаарындагы ооруканага жаткырылган. Ал каза болгон инисинин аялы жана үч кызы «аны уруп, ден соолугуна зыян келтиргенин» айтып, милицияга арыз берген.

«Экспертизада жабырлануучунун саламаттыгынын бузулуусуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө зыян алып келген жеңил жарат алганы аныкталды. Бул окуяда кылмыштын белгилери байкалган», — дешти милициядан.

Буга байланыштуу «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБнен окуяга туура юридикалык баа берүү үчүн кылдат тергеп жатканын белгилешти.