Кыргыз спортчулары таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпионатында 25 медаль жеңди

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курамасы Өзбекстанда өткөн Дүйнө чемпионатында 25 медаль жеңип, командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу 15-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 9 күмүш жана 12 коло медалга ээ болду.

Алтын медаль уткандар:

  • Сауле Эгизбаева (60 кг);
  • Рамина Көчкөнбаева (+85 кг);
  • Кымбат Нуржанова (65 кг);
  • Элдос Айтбаев (75 кг).

Күмүш медаль жеңгендер:

  • Мухаммад-Али Токтоматов (+125 кг);
  • Улукбек Ырысбаев (125 кг);
  • Адилет Имашов (65 кг);
  • Дилдора Рахманова (+85 кг);
  • Назия Майлибашева (75 кг);
  • Адель Маданбаева (65 кг);
  • Эльза Абдыкадырова (55 кг);
  • Маржанохан Халматова (50 кг);
  • Жанарбек Турдушев (60 кг);
  • Байэл Карыбаев (50 кг).

Коло медалга татыгандар:

  • Санабархон Мамажанова (+65 кг);
  • Бахтияр Абдираимов (65 кг);
  • Руслан Султанов (75 кг);
  • Асхад Досмамбетов (80 кг);
  • Абдель Эсенгулов (+80 кг);
  • Айдай Назирова (60 кг);
  • Адема Керимкулова (70 кг);
  • Улан Тургунбаев (60 кг);
  • Нургазы Барманов (70 кг);
  • Бакыт Роман уулу (80 кг);
  • Русланбек Чыныбек уулу (90 кг).

Аталган Дүйнө биринчилиги Өзбекстандын Хива шаарында 7-10-сентябрь күндөрү өттү. Ага Азербайжан, Бангладеш, Ооганстан, Грузия, Египет, Кыргызстан, Казакстан, Малайзия, Монголия, Пакистан, Польша, Орусия, Словакия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын спортчулары катышты.