Садыр Жапаров: Кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы 30 жылдыгын «оңой эмес сабак алууга жумшаганын» белгилеп, кийинки 30 жылды «мамлекетти көтөрүүгө арнайлы» деп билдирди. Мындай кайрылууну ал 16-сентябрда фейсбук барагына жазды.

Ал Сингапурдун алгачкы примьер-министри Ли Куан Ю 30 жылдан аз убакытта өлкөнү «үчүнчү дүйнөнүн» катарынын биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдегенин белгиледи.

Жапаров Ли Куан Юнун «Сингапурдун башчысы ким болбосун, күчтүү эркке ээ болуп, багынышы кажет. Бул карта оюну эмес. Бул өмүр: силердики жана меники. Мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун» деген сөзүн да бөлүштү.

Ошондой эле ал «бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын, бул карта оюну эмес, бул өмүр: силердики жана меники» деп эскертүү берди.

Ли Куан Ю — саясатчысы, Сингапур Республикасынын биринчи премьер-министри. Ал Сингапурдун «экономикалык кереметин» түптөгөндөрдүн бири. Быйыл Ли Куан Юнун 100 жылдыгы белгиленүүдө.