Түркиядагы тик учак кырсыгы: Изделип жаткан кыргызстандыктардын биринин сөөгү табылды

Түркияда кырсыкка кабылган учкучтарды издөө иштери. Сүрөт: Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу.

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кулап, дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кабарлады.

Измир шаарына жакын Мендерес аймагындагы токойдо чыккан өрттү өчүрүү учурунда дамбага кулап түшкөн тик учакта төрт киши болгон. Алардын үчөө кыргыз жараны. 

Учкучтардын бири, кыргызстандык Эркин Исабеков жээкке сүзүп чыккан. Азыр калган эки учкуч изделүүдө.

«Учурда консулдуктун кызматкери Измир шаарындагы ооруканада жаткан мекендешибиз менен жолукту. Анын абалы туруктуу. Кызматкерлер кырсык болгон жерде жана бул маселени өзгөчө көзөмөлдөп жатышат», — дешти Стамбулдагы өкүлчүлүктөн.

Мендерес аймагындагы токой 16-сентябрда өрттөнө баштаган. Ал эми кырсык эртеси күнү катталган. Түркиядагы элчи кыргызстандык үч учкуч «Транс Караван» компаниясы менен эки айга келишим түзүп, иштегени барганын билдирген.

Токойдогу өрт эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 9 учак, 20 тик учак, суу ташыган 54 унаа, жумушчу 10 унаа жана 500гө жакын өрт өчүрүүчү тартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бирөө ооруканада, экөө изделүүдө». Түркияда кулаган тик учакта үч кыргыз жараны болгону кабарланды