Ошто медиасабаттуулук боюнча акысыз тренинг өтөт

Ош шаарында медиасабаттуулук жана фактчек боюнча акысыз тренинг өтөт. Аны 25-сентябрда Казакстандын жаштар маалыматтык кызматынын колдоосу менен «Клооптун» журналисттери өткөрөт.

Тренингде медиасабаттуулук жана фактчекттин негиздерин үйрөтөбүз. Ошондой эле дезинформацияга жана пропагандага каршы туруу боюнча кеп кылабыз. 1 күндүк тренингде алган билимиңизди дароо практикада сынап көрө аласыз.  

Катышуучулардын жашы 16дан башталышы керек. Тренингге катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз. Окутуунун өтүү жайы тандоодон өткөндөргө кабарланат.