Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев УКМКга баарлашууга барып келгенин айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев УКМКга профилактикалык баарлашууга барып келгенин билдирди.

Ал бул тууралуу 23-сентябрда фейсбук барагына жазды. Бирок Сагымбаев эмне маселе боюнча баарлашуу болгонун ачыктаган жок.

Ага чейин КСДП партиясынын башчысынын орун басары Кундуз Жолдубаев Сагымбаевди эки ыкчам кызматкер УКМКга «өзгөчө маанилүү иш боюнча» алып кеткенин жазып чыккан.

Ал Сагымбаев суракка же баарлашууга эч кандай чакыруу албаганын билдирген.

Сагымбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып келет.

Ошондой эле ага 2020-жылдагы октябрь окуясы боюнча айып тагылып, Биринчи май райондук соту 2022-жылы кылмыштын курамы жок деген негиз менен аны актаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Октябрь окуялары: Атамбаев, Ниязов, Молдокматов, Асанов баштаган фигуранттар акталды

Кой-Таш окуясы: Атамбаевден башка айыпталуучунун баары эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду