Кой-Таш окуясы: Атамбаевден башка айыпталуучунун баары эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Кой-Таш окуясы боюнча 13 айыпталуучунун баш коргоо чарасы каралып, алар тергөө мөөнөтү аяктаганча эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу 12-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин гана баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок, ал дагы айыпталуучу катары өтүүдө.

Айыпталгандардын арасында төмөнкүлөр дагы бар болчу:

  • Атамбаевдин экс-кеңешчиси Фарид Ниязов;
  • экс-депутат Ирина Карамушкина;
  • экс-депутат Асел Кодуранова;
  • УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаев;
  • Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаева;
  • саясатчы Равшан Жээнбеков.

Ошентип, судья Азирет Медеров мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеевдин өтүнмөсүн канааттандырды.

Кой-Таш окуясы

Кой-Таш окуясы 2019-жылдын августунда болгон. Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясынан кармап келүү операциясынын жүрүшүндө анын тарапташтары милиция жана спецназ менен кагылышкан. Натыйжада спецназдын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. 170тен ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Аталган окуя боюнча айыптар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына тагылган.

Тема боюнча: Алмазбек Атамбаевге козголгон жети кылмыш иши: Тизмектеп беребиз