Кара-Кулжа: Асынган абалда табылган 41 жаштагы аялдын өлүмү иликтенүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда асынган абалда табылган 41 жаштагы келиндин өлүмү териштирилип жатат. Бул тууралуу 23-сентябрда «Клоопко» Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум 18-сентябрга караган түнү каза болгон. Анын жакындары аял киши колдуу болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Алар буга чейин аны күйөөсү менен ажыраштырууга аракет кылышканын белгилеп, каза болгон келиндин артында үч баласы калганын кошумчалашты.

Милициядан маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдиришти — азырынча жыйынтыгы чыга элек. Бул боюнча териштирүү жүрүүдө.