Токтогул: 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 36 жаштагы киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 36 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 23-сентябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында жашы жете элек кыздын зордукталганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция шектүү катары 36 жаштагы кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Милициянын маалыматында шектүү жабырлануучу кыздын үйүндө 10 жылдан бери үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөнү айтылат.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.