Адвокат Канат Хасанов өзүнө кол салуу болгонун кабарлады

26-сентябрда адвокат Канат Хасанов «Клоопко» белгисиз киши ага кол көтөрүп, «маңдайкы тишин түшүрө чапканын, жамбаш сөөгү чыгып кеткенин» билдирди. Ага чейин ал фейсбук барагына шектүүнүн сүрөтүн жарыялаган.

«Мына ушул жигит президент Садыр Жапаровдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, өзгөчө Каныбек Тюменбаевди [президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев болушу мүмкүн] атын жамынып, коркуу сезими жок, тайманбай эле кишиге таяк жегизип, тишин түшүрө чапканга кудурети жетип калган экен», — деп жазды ал.

Канат Хасанов. Сүрөт адвокаттын фейсбук барагынан алынды.

Хасановдун айтымында, окуя болгонго чейин ага кардары чалып, шектүү спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер менен келип коркутуп, акча опузалаганын айткан. Жерине барган адвокат жигитке анын мамилесин «опузалоо» катары бааласа болорун түшүндүргөндө, кол салган.

«Албетте, күлкүлүү, бирок бул жигит колунда бийлиги барлардын жанында иштесе, анда алардын башка жакындары эмнени гана кылып жүрөт болду экен? Бирок маселе менин сынган тишим же жаагымда эмес, кептин баары, бийликтегилерди бияка кой, алардын айланасындагылар каалаганын кыла баштаганында», — деди жактоочу.

Хасанов арыз менен кайрылгандан кийин, ишти алып барган тергөөчүгө «биринчи адамдардын» айланасындагылар «телефон чалганын», ушул тапта ишти жаап салышарын боолголоп жатканын айтты. Ал «жактоочуга кол көтөрүү — кылмыш ишиндеги аша чапкандык» деп белгиледи.

Адвокат шектүү жигит «Сары-Ой айылына мамлекеттик кызматкерге пансионат, Каракол шаарына аэропорт куруп жатканын» айтып мактанганын да кошумчалады.

Биринчи май РИИБи «Клоопко» окуя 25-сентябрда Профсоюз жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун тастыктады. 

Милициянын маалыматына алайык, ошол эле күнү Хасановго кол салды делген киши да ага кол көтөрүшкөнүн айтып арыз берген. Шаардык оорукананын маалымкатында анын бети-башы көгөргөнү айтылат.

Азыркы тапта милиция окуяга тиешеси бар эки адамга тең соттук-медициналык экспертиза дайындалганын белгилеп, анын жыйынтыгынан соң юридикалык баа берилерин кошумчалашты.