Бишкек: Мэрия «Эко такси» кызматын ишке киргизет

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык «Эко такси» кызматын ишке киргизүүнү көздөп жатат. 25-сентябрда калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров долбоор менен таанышып чыкты.

Бул долбоор — калаада экологиялык жаткан таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү. Ал атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга мүмкүндүк берери айтылды.

Таксиге буйрутма берүүдө etaxi.kg сайты же Eco taxi тиркемеси колдонулат — аны телефонго Google Play жана App Store’дон жүктөп алса болот.

Ал эми муниципалдык такси кызматындагы айдоочуларга жеңилдиктер каралат — аларга барык соцалдык пакет каралган, унааны лизингге ала алат жана унааларга жолдо атайын сары тилке бөлүнөт. Мэриядан таксилердин качан каттамга чыгарын ачыкташкан жок.

Үстүбүздөгү жылдын башында мэр такси кызматын көрсөткөн электромобилдерди ишке киргизүү пландалып жатканын айткан. Ал бул долбоор ыш менен күрөшүү чараларынын бири экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги ыш: Мэрия такси кызматын көрсөткөн электр унааларын ишке киргизүүнү пландап жатат

«Нааразы болгондор көп». «Яндекс.Таксинин» тарифи жөнгө салынары кабарланды.