Нарын: Жети жашар кызды өлтүрүүгө айыпталып жаткан киши 12 жылга кесилди

Нарын облусунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган 64 жаштагы тургун 12 жылга эркинен ажыратылды. Маалыматты «Клоопко» 27–сентябрда Нарын облустук соту тастыктады. 

Маалыматка ылайык, мындай өкүмдү райондук сот 22–августта чыгарган. Жабырлануучу тарап чечимге нааразы болуп, облустук сотко доо арыз берген. Бул боюнча отурум кийинки аптада болору күтүлүүдө.

Жети жашар кыздын киши колдуу болгону тууралуу үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде кабарланган. Анда Орто-Нура айылынын тургуну кызы сабакка кеткен бойдон үйүнө келбегенин айтып милицияга кайрылган. 

Тургундар кызды издеп, кечинде гана айылдагы ээн үйдөн анын сөөгүн табышкан. Жеткинчектин денесинде кыйноонун белгилери бар экени байкалган.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 64 жаштагы мас абалдагы тургунду кармаган. Кыздын өлүмү боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иш ИИМдин көзөмөлүндө болору айтылган

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Кыйноонун белгилери бар». Нарындын тургуну 7 жашар кызды өлтүрүүгө шектелип кармалды

Сокулуктагы массалык мушташ: Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн эки киши кармалды