Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков Азия оюндарында коло медаль утту

Сүрөт: Авазбек Аманбеков

Ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында коло медаль жеңди.  

Ал 56 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалдык беттеште филиппиндик спортчудан 2:0 эсебинде жеңилди.

Аманбеков алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, ал эми чейрек финалда таиланддык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Бул байге кыргыз ушу-саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.

Өткөн жылдын декабрында Авазбек Аманбеков Таиланддын борбору Бангкокто өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон. 

Спортчу кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ошондой эле ал Азия жана Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү. Мындан сырткары, ушу-саньда, кол күрөш жана таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпиону.

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча Азия чемпиону болду