Спортчу Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло медаль утту

Спортчу Темирлан Аманкулов Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча беттеште коло медаль жеңди.

Аманкулов 75 килограмм салмакта күч сынашып, чейрек финалда монголиялык спортчуну жеңип жарым финалга чыккан. 

Ал эми жарым финалдык беттеште макаолук (Кытай Эл Республикасы) спортчуга жеңилип калды.

Бул байге улуттук курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы. Буга чейин ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Авазбек Аманбеков коло медаль жеңген. 26-сентябрда дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль тагынган.

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков Азия оюндарында коло медаль утту

Кыргыз балбаны Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпиону болду