Кыргыз балбаны Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпиону болду

26-сентябрда кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Ал 90 кг салмактык категорияда күч сынашып, финалда өзбекстандык спортчу Давлат Бобоновду жеңип алды. Дзюдочу чейрек финалда Ливандан, жарым финалда Бириккен Араб Эмираттарынан келген атаандаштарын уткан.

Шеровдун алтын медалы Азия оюндарында кыргыз спортчулары жеңген алгачкы байге болуп калды.

Дзюдочу өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган болчу.

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду