Башкы прокуратура прокурор казиного 700 миң доллар уттурду деген маалыматты төгүнгө чыгарды

Башкы прокуратура 762 миң доллар жоголду деген иш боюнча маалымат берди. Мурдараак бир катар маалымат каражаттары прокуратура кызматкери кылмыш иштеринин бири боюнча далил катары сакталган акчаны казинодо уттуруп жибергенин жазышкан.  

Бирок көзөмөл органы бул маалыматты төгүнгө чыгарды. 

Башкы прокуратура жасалма документтердин негизинде 1 млрд 478 млн рубль акча каражатын чыгарып кетүү фактысы боюнча коммерциялык банктардын биринин жооптуу кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши тергелип жатканын айтты. ЖМКнын маалыматы боюнча, сөз «Керемет банк» тууралуу болуп жатат.

Башкы прокуратура көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 млн доллар өндүрүп, аны жабырлануучуларга, тактап айтканда, орусиялык ишкерге кайтарып берген.

Калган 762 миң доллар жабырлануучуларга жума күнү кечинде кайтарылган. Ал учурда банктардын иш убактысы бүтүп жабылып калгандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты кызматтык сейфте убактылуу сактап туруу үчүн бөлүм башчы Рустам Абдырасуловго өткөрүп берилген.

«Бирок, апта башында Абдырасулов 3 күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган. Абдырасулов акча каражатын кымырып алган деп шектелип, дароо кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган. Эртеси Абдырасуловдун жакындары 762, 5 миң АКШ долларын алып келип, тергөөгө өткөрүп берген», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан. 

Көзөмөл органы белгилегендей, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, кыргызстандыктар оюн-зоок жайларынын кардары боло албайт.

«Ошондуктан прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Рустам Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес», — деп белгиледи Башкы прокуратура. 

Ошондой эле мекеме козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатканын, ал эми Рустам Абдырасулов камакта экенин кошумчалады. 

Прокуратура кызматкери Рустам Абдырасулов кармалганы тууралуу 22-сентябрда белгилүү болгон. Бир катар ЖМК өздүк булактарына таянып, прокурор кылмыш ишинде далил буюм катары алынган 700 миң доллар акча каражатын кумар оюнуна жумшап жибергенин жазышкан

Ал эми 23-сентябрда Башкы прокуратура бул боюнча комментарий берип, «21-сентябрда кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн каражатты инвентаризациялоодо Рустам Абдрасуловдогу ири суммадагы каржат кем болуп атканын» билдирген. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Абдрасулов кармалган.

Маалыматта Абдрасулов аталган «каражатты кайра толугу менен кайтарып бергени», мамлекетке зыян келтирилбегени белгиленген.