Баткен: 30 кг баңгизат сатууга аракеттенген милиция кызматкерлери 12 жылга кесилди

Сүрөт: Интернеттен алынды

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизат ташууга айыпталган эки полковник жана милициянын майору мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу act.sot.kg сайтында жарыяланды.

Кылмышка айыпталуучулар Ош облусунун тургундары өткөн жылы 4-апрелде баңгизаттарды Тажикстандан Lexus-330 үлгүсүндөгү унаада аткезчилик жол менен алып келе жатканда кармалышкан. Алардын бири — 49 жаштагы Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы болгон. 

Ал эми 45 жаштагы дагы соттолуучу ИИМдин мамлекеттик коргоону уюштуруу башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн башчысы болсо, кармалган үчүнчү тургун 35 жаштагы Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын мүлк кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча ыкчам кызматкери болуп эмгектенген. 

Ошондой эле кылмыштуу топ түзүүгө айыпталган Ош облусунун буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган 32 жаштагы тургуну дагы кармалган.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 20-февралда, Баткен райондук соту айыпталуучуларды «баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси  боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыраткан.

6-июнда Баткен облустук соту үч милиция кызматкеринин «аракетинде кылмыштын курамы жок» деген негизде актаган. Кийинчерээк, мамлекеттик айыптоочу облустук соттун өкүмүн жокко чыгарып, төрт айыпталуучуну тең мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратууну сураган.

23-августта Жогорку сот Баткен облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Баткен райондук сотунун өкүмүнө өзгөртүү киргизүүнү токтом кылган. Аны менен катар, Lexus-330 үлгүсүндөгү унаа  мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Баткенде 30 кг баңгизат сатууга аракеттенген милиция кызматкерлери кармалды