Бишкекте бир жарым жыл мурда митинг өткөрүүгө салынган тыюу жыл аягына чейин узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту калаанын борборунда митинг өткөрүүгө салган тыюуну кайрадан узартты. Бул жолкусунда тыюу 2023-жылдын 31-декабрына чейин салынды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот Биринчи май райондук акимчилигинин өтүнүчүн канааттандырып, митинг өткөрүүгө тыюу чечимин 29-сентябрда кабыл алган.

Митинг өткөрүүгө төмөнкү жерлерлерде болбойт:

  • Ала-Тоо аянты;
  • Эркиндик бульвары — Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттин жана Жогорку Кеңештин администрацияларынын алдында;
  • Панфилов атындагы паркта;
  • Турсунбаева атындагы скверде;
  • Жогорку соттун алдында;
  • Орусия элчилигинин алдында;
  • УКМКнын алдында.

Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митинг жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өтүшү керек.

Бишкектин борборук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө тыюу алгачкы ирет 2022-жылдын мартында киргизилген. Мындай чечимди Биринчи май РИИБи чыгарып, сот аны мыйзамдуу деп тапкан.

Чектөөлөр Орусия элчилигинин алдында бир нече акция — Орусиянын Украинадагы согушуна каршы жана Украинаны колдоо боюнча акциялар өткөндөн кийин киргизилген.

Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу экс-акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин жөнсүз деп атаган. Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеген. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.