Бишкек: Шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 40тан ашты

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды. Алардын экөө — жаш балдар. Ооруканадагылардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

«Беш лаваш» тез татым түйүнү. Сүрөт: «Акипресс»

Буга чейин, 1-октябрда Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүнөн 21 адам шаурмага ууланганы кабарланган. Алардын 15и ооруканада экени айтылган.

Аталган түйүндөргө 72 миң сом айып салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылганы белгилүү болгон. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып,  15 киши ооруканага түштү

Жалал-Абадда шаурма жеген 22 адам уулануу белгилери менен оорукнага түштү